Германияда мечитке кол салуу жасалды

Кол салууда мечиттин ичи булганып, Куран Карим жыртылган.

1237747
Германияда мечитке кол салуу жасалды

 Германиянын Мюнстер шаарынын жакындарындагы Минден аймагында бир мечитте Куран Карим жыртылып, мечиттин ичи булганган.

Дин Иштери Түрк Ислам Биримдигине караштуу Минден Барбарос мечитине жасалган кол салууда мечиттин ичи адамдын заңы менен булганып, өзгөчө мечиттеги Куран Карим жыртылган.

Окуянын полицияга билдирилиши менен мечитте иликтөө жүргүзүлүп териштирүү баштатылды.

Мечит коомунун төрагасы Себахаттин Чигдем андан мурда да мечиттерине кол салуунун жасалгандыгын белгилеп, кол салуучу же кол салуучулардын кармалышын суранды.

Чигдем : «2018 -  жылы 22 -  январда мечитибизге дагы бир кол салуу жасалган жана мечиттин жолго караган каалгасы менен терезелерине ПКК террордук уюмдун жактоочулары тарабынан террордук уюмга карата саясий жазууларды жазышкан. Түнү жасалган бул кол салуу багымдат намазында байкалып, полицияга билдирилди»,- деди.

Германияда акыркы он күндө алтоосу Дин Иштери Түрк Ислам Биримдигине караштуу, бирөөсү араб коомдоруна караштуу болгон жалпы жети мечитке кол салуу жасалгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар