АКШ Мексика чек арасына кошумча аскер жайгаштырат

Бул туурасында АКШнын Коргоо департаменти билдирди.

1237745
АКШ Мексика чек арасына кошумча аскер жайгаштырат

 

АКШ Мексика чек арасындагы коопсуздукту камсыздаш үчүн кошумча 2 миң 100 аскер жөнөтөт.

Коргоо департаментинин билдирүүсүндө, АКШ-Мексика чек арасындагы коопсуздукка колдоо көрсөтүү максатында АКШ армиясынан 1 миң 100 кызматкер жана Техас Улуттук гвардиясынан 1 миң аскердин чек арага жайгаштырыла турганы маалымдалды.

Билдирүүдө федералдык армия мүчөлөрүнүн абадан байкоо салуу, тылдык жана башкаруу сыяктуу кызматтарды аткара тургандары, Улуттук сакчылардын болсо убактылуу баш калкалоочу жайлар жайгашкан чек ара кыштактары Донна менен Тронильодо коопсуздук темаларында Бажы жана чек араны коргоо штабынын кызматкерлерине көмөк көрсөтө тургандары белгиленди.

АКШнын Мексика чек арасында 2 миң 500 федералдык армия мүчөсү менен 2 миң улуттук сакчысы бар.



Тектеш кабарлар