Иран АКШ менен сүйлөшүлгөндүгү тууралуу ойлорду жалганга чыгарды

Сеййид Аббас Мусеви : «Ирандын эч бир деңгээлде АКШ менен сүйлөшүүсү мүмкүн эмес»

1235495
Иран АКШ менен сүйлөшүлгөндүгү тууралуу ойлорду жалганга чыгарды

Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Сеййид Аббас Мусеви өлкөсүнүн Орусиянын арачылыгында АКШ менен сүйлөштү деген ойлорду жалганга чыгарды.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын берген кабарына караганда Мусеви Тегерандын Москва аркылуу АКШ менен сүйлөштү деген ойлорго карата берген билдирүүсүндө : «Ирандын эч бир деңгээлде АКШ менен сүйлөшүүсү мүмкүн эмес», - деди.

Иран менен АКШнын тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде Орусиянын арачылыгы менен сүйлөшүү  өткөргөндүгү ортого салынган.



Тектеш кабарлар