Дональд Трамп менен Беньямин Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху Иран тууралуу акыркы абалдарды сүйлөштү.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху Иран тууралуу акыркы абалдарды сүйлөштү.
Ак үйдүн катчысынын орун басары Джадд Дир Трамп - Нетаньяху сүйлөшүүсү тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди. Дир билдирүүсүндө : «Президент Трамп менен Израилдин премьер - министри Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү. Эки лидер Ирандын аймактагы зыяндуу кыймылдарына тоскоол болуу аракеттери жана АКШ менен Израилдин ортосундагы орток улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын өнүктүрүү максатына карата кызматташууу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты»,- деди.
АКШ менен Ирандын ортосундагы араздашуу улантылып, акыркы болуп Иран башкаруусу өзөктүк келишимде орун алган байытылган уран запасынын көлөмүн ашарын жарыялаган. АКШ башкаруусу болсо бул чечимге катуу каршылык көрсөткөн.