Грецияда бороон болду

Бороондо алты турист каза болуп, жүз сегиз киши жараланды.

1233847
Грецияда бороон болду

Грецияда нөшөрлөп жааган жамгыр, мөндүр жана бороондон улам алты турист каза болуп, жүз сегиз киши да жараланды. Алардын ичинен төртөөсү оор жараланган.

Мамлекеттик телекөрсөтүүсү ERTнын билдиргенине караганда өлкөнүн түндүгү, өзгөчө туримз аймагы Халкидикиде катуу болгон бороон оор жоготууларга себеп болду.

Салоникинин тегерегинде болгон бороондо алты киши каза болду алардын экөөсү бала болгон. Каза болгондордун баарынын Чех, Румыния жана Орусиядан келген туристтер экендиги белгиленди.

Өзгөчө кырдаал деп жарыяланган аймакка көп сандаган өрт өчүргүч жана жарандык коргоо тобу жиберилди.

Жаңы коомдук коопсуздук министри Михалис Хрисохоидис каза болгондор үчүн көңүл айтып : «Аймакта сел эмес дарактарды кулаткан катуу шамал жана бороон болду. Адамдардын каза болушуна бул себеп болду»,- деди.

Грек басма сөзүнө караганда румыниялык 8 жаштагы бир бала менен энеси отурган ресторандын чатырынын үстүнө түшүшү менен каза болду. 54 жаштагы бир орусиялык турист жана эки жаштагы уулу да кулаган дарактын астында калып каза тапты. Чех жараны болгон үй – бүлөнүн эки мүчөсү болсо шамалдын каравандарын оодарып кетиши менен каза болушту.

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар