Сауд Арабияда ажылыкка талапкерлердин бир гана ыбадат кылуулары керектиги эскертилди

Сауд Арабия ажылык ыбадатын аткарып жатып саясий, сектанттык ураан жана сөздөрдүн айтылышына тоскоол болуу үчүн керектүү бардык чаралардын көрүлөрүн билдирди.

1233472

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги SPАнын кабарына караганда мураскер принц Мухаммед бин Селмандын жетекчилигинде Жидда Министрлер Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындан кийин жарыяланган жазуу түрүндөгү маалматта ажылыкка талапкерлердин бир гана ыбадат кылышы керектиги белигиленип, саясий жана сектанттык ураандардын колдонулбашы керектиги боюнча эскертилди.

Ажылыктын тазалыгын жана тынчтыкты буза турган бардык кыймылдардан алыс болуу керектиги баса белгиленген Министрлер Кеңешинин билдирүүсүндө : «Саясий жана сектанттык сөздөр менен бул сыяктуу кыймылдар эч качан кабыл алынбайт»,- деп билдирилди.

Тектеш кабарлар