Японияда болгон сел жана жер көчкү

Апаатта эки киши каза болуп, беш киши жараланды.

1230779
Японияда болгон сел жана жер көчкү

Япониянын түштүк батышында катуу жааган  жамгыр себеп болгон сел жана жер көчкүдө эки киши каза болуп, беш киши жараланды.

Киодо агенттигинин кабарына караганда жергиликтүү куткаруу жетекчилери Кагошима аймагында катуу жааган жамгырдан улам жуманын башында Соо шаарында болгон жер көчкүдө үйү жер астында калган жетимиш жаштардагы бир аялдын каза болгондугун ырасташты.

Кагошимада катуу жааган жамгырдан улам отуздан ашуун жер көчкүнүн болгондугун билдирген жетекчилер эң аз беш кишинин жаралангандыгын билдирди. Жетекчилер Кагошима менен Миязаки жана Кумамото аймактарында сексенге жакын үйдүн зыян тарткандыгын, бир миң жети жүзгө жакын үйдүн электрсиз калгандыгын айтышты.

Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе апаат тууралуу берген маалыматында «куткаруу иштери үчүн колдорунан келгенди аткаруу» убадасын берди.

Кагошима губернатору Митазоно Сатоши аймактагы куткаруу иштеринде аскердик кызматкерлерден жардам сурап, чукул түрдө издөө жана куткаруу операциялары үчүн он төрт миң кишилик бөлүктүн даяр күтүп жаткандыгы билдирилди.

Япониянын метеорология агенттиги жамгырдын күчүнүн азая баштагандыгын бирок Кагошима, Мизияки жана Кумамото аймактарында жер көчкү эскертүүсүнүн улантылып жаткандыгын белгиледи.

Өрт өчүрүү жана апаатты башкаруу агенттигинен берилген маалыматта нөшөрлөп жааган жамгырдан эң көп таасирленген бул үч аймакта жети миң тогуз жүзгө жакын кишинин эвакуация борборлорунда экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар