АКШ Көз карандысыздык күнүн белгиледи

Дональд Трамп, 70 жылдан кийин Линкольндун эстелигинин алдында элге кайрылган алгачкы президент болуп калды.

1230896
АКШ Көз карандысыздык күнүн белгиледи
abd bagimsizlik gunu5.jpg
abd bagimsizlik gunu4.jpg
abd bagimsizlik gunu3.jpg
abd bagimsizlik gunu2.jpg
abd bagimsizlik gunu1.jpg

АКШ, 4-июль Көз карандысыздык күнүнүн 243-жылдыгын жалпы өлкөдө аземдер менен белгиледи.

Дональд Трамп, 70 жылдан кийин Линкольндун эстелигинин алдында элге кайрылган алгачкы президент болуп калды.

Борбор калаа Вашингтондогу иш-чаралардын күндүзгү бөлүмү салттык жүрүш аземидери менен башталды.

Кечинде болгон майрамдоолордо болсо танкалар, согуштук учактар жана президент Трамп көңүлдү бурду.

Мурдагы жылдардан айырмаланып танкалар жана согуштук учактар дагы орун алган атайын белгилөөдө, Дональд Трамп, 70 жылдан кийин Линкольндун эстелигинин алдында америкалыктарга кайрылган алгачкы президент катары тарыхта калды.

Учак каттамдары үчүн Вашингтондун аба мейкиндиги алгач ирет жабылды.

70 тонна оордуктагы «Абрамс» танкалары жана 1940-жылдарда чыгарылышы токтотулган «Шерман» танкалары Линкольн эстелигинин аркасына жайгаштырылды.

Айнек бөлмөлөрдүн аркасынан сүйлөгөн сөзүндө АКШнын тарыхынан үлгүлөрдү айткан Трамп, Америка калкынын дүйнө тарыхында чоң жана маанилүү улут болгонун түшүндүрүп, өзгөчө Америка улутчулдугунун маанисин баса белгиледи.

Америка армиясына бир топ жолу кайрылган Трамп, армиянын мүчөлөрүнүн көрсөткөн баатырдыктарынын маанисине токтолду.

Трамптын сөз сүйлөөсү убагында Америка армиясына таандык айрым учактар шоу көрсөттү.

Аземге каршы нааразылыктар да билдирилбей койгон жок.

 CodePink коомдук уюмуна мүчө аялдар, Трамптын колунда чөнтөк телефону жана баланын памперсин кийген үйлөтүлгөн чоң шар куурчагы менен нааразылыктарын билдиришти.

Ак үйдүн алдында Американын желегин өрттөгөнгө аракет кылган бир киши кармалды.

4-июль Көз караныдсыздык күнү Нью-Йоркто да ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленди.

Жооптуу кызматкерлердин «АКШнын эң чоң фейерверг көрсөтүүсү» деп мүнөздөшкөн 43-салттык Macy's фейерверг көрсөтүүсү, Бруклин көпүрөсүнө жакын East River дарыясында ишке ашырылды.



Тектеш кабарлар