Трамптан Иранга жаңы коркутуу

Иран башкаруусу жуманын башында байытылган уран көлөмүн өзөктүк келишимде белгиленген 300 килограммдан ашыргандыгын жарыялаган.

1229875
Трамптан Иранга жаңы коркутуу

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын байытылган уран  тууралуу акыркы кадамына дагы  бир жолу каршылык көрсөттү. Трамп твиттерден берген маалыматында : «Иран жаңы бир эскертүү жарыялады. Рухани эгерде жаңы бир өзөктүк келишим болбосо байытылган уран көлөмүн каалагандай өлчөмдө арттырарын айтууда. Жасаган коркутууларыңда этият бол Иран; ал коркутуулар мындан мурда эч кимге болбогончолук кайтып эле сага зыянын тийгизет»,- деди.

Иран башкаруусу жуманын башында байытылган уран көлөмүн өзөктүк келишимде белгиленген 300 килограммдан ашыргандыгын жарыялаган.

Ирандын жарымы расмий болгон маалымат агенттиги Фарстын кабарында Тегеран башкаруусунун 3, 67 пайызы байытылган уран деңгээлинин өзөктүк келишимде белгиленген 300 килограмм көлөмүнөн ашыргандыгы белгиленген.

АКШнын президенти Трамп бул маалымат боюнча Иранга : «От менен ойноп жатышат»,- деп каршылык көрсөтүп Ак үй менен АКШнын тышкы иштер министрлиги да өз - өзүнчө маалымат берип Ирандын чечимин айыптаган.



Тектеш кабарлар