Сирияда жардыруу болду
Жардырууда 3 жаран каза болуп, 7 жаран жараланды.
1230247
Сириянын түштүгүндө Башар Асад режиминин текшерүүсүндөгү Сүвейде облусунда болгон жарылууда 3 жаран каза болуп, 7 жаран жараланды.
Асад режиминин маалымат агенттиги SANA, Сүвейде облусунун борборунда кечээ кечки сааттарда бир мотоциклга жайгаштырылган бомбанын жардырылгандыгын билдирди. Унаанын жарылышы менен 3 жаран каза болуп, 7 жаран жараланды.
Сүвейда облусунун борборунда өткөн жылдын июль айында террордук уюм ДЕАШ тарабынан жасалган кол салууда 150гө жакын киши каза болгон.