Израиль аскерлери палестиналыктарды камоого алууну улантууда
Батыш Шериада 15 палестиналык камоого алынды.
Израиль күчтөрү басып алынган Батыш Шериада 15 палестиналыкты камоого алды.
Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Батыш Шерианын түрдүү аймактарында түнү жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө «террор кыймылдарына аралашты» деген негиз менен 15 палестиналык камоого алынды.
Маалыматта камоого алынган палестиналыктардын аймактагы камоого алуу борборуна жиберилгендиги белгиленди.
Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат - бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү ойлор менен палестиналыктарды камоого алууда.
Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камоого алуулардан кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардан кээ бирлери көптөгөн күндөр камоо борборлорунда кармалууда.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.