АКШда калктын санын каттоодо атуулдук суралбай турган болду

Юстиция министрлигинин адвокаты Кейт Бейли, аты аталган чечим тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1229596
АКШда калктын санын каттоодо атуулдук суралбай турган болду

АКШда Дональд Трамп бийлиги, 2020-жылы боло турган калктын санын каттоодо орун алышын каалаган атуулдук суроосунан баш тартканын жарыялады.

Юстиция министрлигинин адвокаты Кейт Бейли, аты аталган чечим тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Кейт Бейли, Жогорку соттун «калктын санын саноодо «атуулсузбу?» түрүндөгү суроосу туура болбогону» жөнүндөгү чечимине баш ийе тургандарын билдирди.

Буга караганда алдыдагы жылда калктын санын каттоодо катышуучуларга атуулдук абалдары тууралуу кандайдыр бир суроо суралбайт.

Кейт Бейли, атуулдук суроосу болбогон калктын санын каттоо кагаздарынын басмадан чыгарлышы буйргунун да тийштүү мекемелерге жөнөтүлгөнүн белгиледи.

АКШнын президенти Трамп, 2020-жылы боло турган калктын санын катоодо, сөзсүз атуулдук суроосуна орун берүүнү каалагандарын жарыялап, бирок тема соттун босогосуна такалган болчу.

АКШнын Жогорку сотуна чейин барган доо жараянынын акырында сот, калктын санын саноодо атуулдук маселесинин кошулушунун себебинин так болбогонун, ушул себептен бул суроону туура көрбөгөнүн жарыялады.

Сот чечиминен кийин Трамп, АКШда жашагандар катыша турган бир калктын санын саноодо бул кишилерге «Атуулсузбу?» деп сууроодон табигый нерсе жок экенин билдирген, «Чындап эле абдан күлкүнүчтүү болду, өкмөтүбүз, тактап айтканда өлкөбүз, бул абдан баалуу, кеңири жана маанилүү калктын санын саноодо эң жөнөкөй атуулдук суроосун сурай албайт»,-деп айткан.

АКШда ар бир 10 жылда бир өлкөнүн жалпысында үйлөргө почта жолу менен жөнөтүлгөн сурамжылоо анкеталары менен жасалган калктын санын каттоону, Соода министрлигине караштуу калктын санын катоо башкармалыгы жүргүзүүдө.

2020-жылдан тарта калктын санын каттоо процессинин, чоң өлчөмдө интернет аркылуу ишке ашаары белгиленген.



Тектеш кабарлар