Польшада шахтада көчкү болду

Шахтадагы көчкүдө 3 жумушчу каза болду.

1228859
Польшада шахтада көчкү болду

Польшанын түштүгүндөгү бир көмүр шахтасында болгон көчкүдө  3 жумушчу каза болду.

Польша шахта группасынын катчысы Томаш Глоговски Катовице шаарындагы Мурки-Сташич көмүр шахтасынын 720 метр тереңинде болгон термелүүнүн көчкүгө себеп болгондугун белгиледи.

Көчкү болгон аянтта иштеген 9 жумушчудан үчөөсүнүн каза болгондугун билдирген Глоговски 6 шахтердун ооруканада дарыланып жаткандыгын билдирди.

Польшанын премьер  - министри Матеуш Моравецкий каза болгон 3 жумушчунун үй  - бүлөсүнө атайын айлык маяна чыгарууга чечим чыгарды.



Тектеш кабарлар