Израиль Сирияны бомбалады

Израиль учактары Сирияда Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарга абадан кол салды.

1227719
Израиль Сирияны бомбалады

 

Израилдин согуштук учактарынын Сирияда Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарга абадан кол салгандыгы айтылууда.

Сирия режиминин расмий SANA маалымат агенттигинин кабарына караганда, Израилдин учактары Ливандын аба мейкиндигинен баш калаа Дамасктын айрым кыштактары менен Хомс шаарындагы аскердик буталарды бомбалады.

Кол салууларда кеминде 4 жарандын каза болгону, 21 жарандын жаракат алгандыгы белгиленди.

Кол салуулардын бутасындагы Дамастын Сахная кыштагында каза тапкандардын арасында бир наристенин, жаракат алгандардын арасында да балдардын болгону айтылууда.

Израиль органдары темага байланыштуу маалымат берген жок.

Израилдин учактары 12-июнда өлкөнүн түштүгүндө режимге таандык бир аскердик бутаны бомбалаган болчу.



Тектеш кабарлар