Дональд Трамп Иранды коркутту

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөсүнө таандык учкучсуз унаа аппаратын атып түшүргөн Иранды коркутту.

1222722
Дональд Трамп Иранды коркутту

 АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөсүнө таандык учкучсуз унаа аппаратын атып түшүргөн Иранды коркутту.

Трамп социалдык бөлүшүү сайты твиттерден берген бир сүйлөмдүк билдирүүсүндө : «Иран абдан чоң жаңылыштык кылды»,- деди. Бир тараптан Трамп Канаданын премьер  - министри Джастин Трюдо менен Ак үйдөгү жолугушуусунда журналисттерге АКШ  -  Иран араздашуусуна байланыштуу маалымат берди. Трамп Ирандын АКШга таандык бир учкучсуз унаа аппаратын аткандыгына байланыштуу : «Абдан чоң жаңылыштык кылды. Учкучсуз унаа аппараты эл аралык сууларда болгон, илимий жактан мунун далилдерине ээбиз. Бул кишилер абдан чоң жаңылыштык кылды, жаңылыштык кылгандар бекер жана акылсыз киши болушу керек»,- деди.

«АКШнын Иранга карата кол салуу планы барбы?»  деген суроого болсо : «Жакында көрөсүңөр»,- деп жооп берди.

Иран Төңкөрүш Гвардиялары армиясы кечээ эрте мененки сааттарда Оман булуңуна жээктеш Хормозган  аймагына караштуу Кухмубарек шаарынын жээгинде «Иран аба аянтын бузган» АКШ аба күчтөрүнө таандык RQ-4 Global Hawk моделиндеги учкучсуз унаа аппаратынын кургактыктан абага ракета атуу менен атып түшүрүлгөндүгүн жарыялаган.

АКШ Борбордук Күчтөр Командирлиги болсо окуяны ырастап бирок учкучсуз унаа аппаратынын эл аралык сууларда учкандыгын жактаган.



Тектеш кабарлар