Өзөктүк электр керектөөсү эң көп Японияда артты

Япония 2018 -  жылы жалпы дүйнөдө өзөктүк энергетикадан электр керектөөнү эң көп арттырган өлкө болду.

1221930
Өзөктүк  электр керектөөсү эң көп Японияда артты

Японияда өзөктүк энергетикадан алынган электр өндүрүү өткөн жылы андан мурунку бир жылга караганда 69 пайызга жакын өсүү менен 11, 1 миллион тонна нефтиге барабар жогорулады.

Ушундайча Япония 2018 -  жылы жалпы дүйнөдө өзөктүк энергетикадан электр керектөөнү эң көп арттырган өлкө болду.

Дүйнөдө өзөктүк энергетика станцияларында электр өндүрүү өткөн бир жылга караганда 2, 4 пайызга өсүп, 611 миллион 300 миң тонна нефть менен барабар болду.

Глобалдык электр муктаждыгынын 10 пайызга жакыны өзөктүк энергетикадан камсыз кылынды.

Эң көп өзөктүк энергетика станциясына ээ болгон АКШда өткөн жылы өзөктүк энергетика булактуу электр керектөөсү 192 миллион 200 миң тонна нефтиге барабар болду.

 



Тектеш кабарлар