Израиль аскерлери 9 палестиналыкты камоого алды

Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста үйлөрдө бат  - бат тинтүү жүргүзгөн Израил күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда

1221874
Израиль аскерлери 9 палестиналыкты камоого алды

Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шериада 9 палестиналыкты камоого алды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Батыш Шерианын түрдүү аймактарында түнү жасалган тинтүүлөрдө «террордук кыймылдарга аралашты» деген негиз менен 9 палестиналык камоого алынды.

Маалыматта камоого алынган палестиналыктардын аймактагы камоо борборуна жиберилгендиги белгиленди.

Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста үйлөрдө бат  - бат тинтүү жүргүзгөн Израил күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда. Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камоолордон кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардан кээ бирлери көптөгөн күн камоо борборлорунда кармалууда.



Тектеш кабарлар