Миллиондогон качкынды өлкөдөн чыгаруу процесси келерки жумада башталат

АКШнын президенти Дональд Трамп мыйзам тышы жолдор менен барган миллиондогон качкынды өлкөдөн чыгаруу процессинин келерки жумада башталарын белгиледи.

1221450

Трамп твиттер эсебинен берген маалыматында АКШ иммиграция жана бажыны коргоо бөлүгүнүн өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен барган миллиондогон чет элдиктин өлкөдөн чыгуу процессин келерки жумада баштай тургандыгын белгилеп, качкындардын кандай келген болсо ошондой  ылдамдык менен өлкөдөн чыгарыларын айтты.

Бул процесстин ылдам түрдө ишке ашарын айткан АКШнын президенти Трамп Мексиканын иммиграция  мыйзамын колдонуу менен жакшы бир иш аткаргандыгын белгиледи.

Экинчи мезгилдеги президенттик жарышын Флорида аймагынын Орландо шаарында баштаган Трамп сөзүндө Латын Америка өлкөлөрүнөн кеткен мигранттар тууралуу токтолуп : «Мыйзамга баш ийген жарандар үчүн өлкөбүздүн баш калкалоочу жер экенине ишенебиз бирок кылмыш жасаган чет элдиктер эмес»,- деди.

Тектеш кабарлар