Орусия АКШны кибер согуш боюнча эскертти

Песков, «The New York Times» гезитинин АКШнын Орусиянын электр фирмаларына кибер чабуул максаттуу программасын жүктөгөнүн айтып чыкканынын кабарларына сереп салды.

1220086
Орусия АКШны кибер согуш боюнча эскертти

Орусиянын мамлекет башчылык сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын экономикасындагы стратегиялык жерлердин чет өлкө тектүү кибер чабуулдарга дуушар болгонун белгилеп, «Эгерде АКШ, Орусияга карай кибер кол салууларды уюштуруп мамлекет башчыларына билдирбеген болсо, мунун Орусияга каршы кибер согуштун белгиси болгонун айта алабыз»,-деди.

Песков, «The New York Times» гезитинин АКШнын Орусиянын электр фирмаларына  кибер чабуул максаттуу программасын жүктөгөнүн айтып чыкканынын кабарларына сереп салды.

Орусиядагы тийиштүү мекемелердин кибер чабуулдарга каршы күрөшүп жатканын белгилеген Песков; «Орусиянын экономикасындагы стратегиялык жерлердин чет өлкө тектүү кибер чабуулдарга дуушар болууда»,-деп айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамптын сөз болгон айтымдарды төгүнгө чыгарганын белгилеген Песков: «Эгерде АКШ, Орусияга карай кибер кол салууларды уюштуруп мамлекет башчыларына билдирбеген болсо, мунун Орусияга каршы кибер согуштун белгиси болгонун айта алабыз»,-деп айтты.

Борбору АКШда орун алган «The New York Times» гезитинин маалыматында, Москванын АКШ шайлоолонруна карай кийлигишүүлөрүнө каршы АКШнын кибердик коопсуздук командирлигинин (CYBERCOM) Орусиянын электр станцияларына жана өлкөдөгү берки буталарга жашыруун Американын компьютер коддорун жөнөткөнү айтылып чыккан.

Кабарда, Орусиянын электр желесине карай аты аталган даярдыктын Трамптын бекитүүсүнө сунушталбастан ишке ашырылганы айтымдарына орун берилген.

Трамп болсо сөз болгон кабарлардан улам «The New York Times» гезитине каршылык көрсөтүп гезитти «виртуалдык чыккынчылык» менен күнөөлөгөн.

 

 

 



Тектеш кабарлар