Ислам Кызматташтык Уюму Молдовага чакыруу салды

Ислам Кызматташтык Уюму Молдованын Тель Авив элчилигин Кудска көчүрүү чечимин айыптап, көчүү чечиминен баш тартууга чакырды.

1218413
Ислам Кызматташтык Уюму Молдовага чакыруу салды

 Ислам Кызматташтык Уюму Молдованын Тель Авив элчилигин Кудска көчүрүү чечимин айыптап, көчүү чечиминен баш тартууга чакырды.

Ислам Кызматташтык Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Молдованын Тель Авив элчилигин Кудска көчүрүү чечиминин кабыл алынгыс экендигин белгиледи.

Маалыматта Молдовага чечиминен баш тартуусу, эл аралык укук жана чечимдер менен бирге Кудстун мыйзамдуу статусуна сый көрсөтүүгө чакыруу салынды.

Молдованын премьер  - министри  Павел Филип шейшемби күнү өлкөсүнүн Тель Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечимин жарыялаган.

Палестинанын тышкы иштер министрлиги да берген маалыматында Молдованын чечимин айыптаган.

АКШнын президенти Дональд Трамп 2017 -  жылы 6 -  декабрда Кудсту «Израилдин борбор» шаары деп кабыл алгандыгын билдирип, өлкөсүнүн Тель Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүп, 2018 -  жылы 14 -  майда расмий азем менен ачкан.



Тектеш кабарлар