Азия лидерлери Тажикстанда жолугушат

Саммиттин темасы «Дагы коопсуз жана өнүккөн аймактын орток көз карашы» деп белгиленди.

1218734
Азия лидерлери Тажикстанда жолугушат

Азиянын 13 лидери Тажикстанда Азияда кызматташуу жана коопсуздукту арттыруучу чаралар конференциясынын  (AİGK) 5 -  мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде жолугушат.

Борбор Душанбеде эртең баштала турган жана эки күнгө созула турган саммитке президент Р. Т. Эрдоган, Орусиянын президенти В. Путин, Кытайдын президенти Си Цзиньпин, Ирандын президенти Хасан Рухани, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов, Бангладештин президенти Абдүл Хамид, Шри Ланканын мамлекет башчысы Маитхрипала Сирисена жана Афганстандын аткаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Абдуллах катышат.

Кээ бир өлкөлөрдөн да жогорку мартабалуу башкаруучулар катыша турган жыйында БУУ, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ, Шанхай Кызматташтык Уюму ШКУ, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги КМШ жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн апралментарлар ассамблеясы ТҮРКПА сыяктуу мекемелердин өкүлдөрү да катышат.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде президент Эрдогандын Орусиянын президенти В. Путин, Кытайдын президенти Си Цзиньпин жана Ирандын президенти Рухани менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Саммиттин темасы «Дагы коопсуз жана өнүккөн аймактын орток көз карашы» деп белгиленди.

Азия континентинде кызматташуу жана копсуздукту арттыра турган чаралар карала турган жыйында аймактык жана эл аралык актуалдуу тамалар да каралат. Саммиттен кийин «Душанбе билдирүүсү» кабыл алынат.



Тектеш кабарлар