Манхаттанда тик учар кырсыкка учурады

Учкуч каза болгон  окуянын террордук кол салуу эмес экендиги билдирилди.

1216517
Манхаттанда тик учар кырсыкка учурады

АКШнын Нью -  Йорк шаарынын  Манхаттан аймагында бир тик учар бийик имаратка урунуу менен жерге түштү. Учкуч каза болгон  окуянын террордук кол салуу эмес экендиги билдирилди.

Нью – Йорк өрт өчүргүч департаментинен берилген маалыматка караганда бир тик учар Манхаттандын ортоңку аймагында Таймс аянтына жакын бир жердеги бийик имараттын акыркы кабатына урунду.

Имаратка урунгандан кийин тик учардын от алгандыгы, окуяга өрт өчүргүч жана полициянын кийлигишкендиги белгиленди.

Нью – Йорк губернатору Эндрю Куомо окуя болгон жерге келген журналисттерге берген маалыматта : «Тик учардын эмне үчүн бул имаратка конууну каалагандыгын билбейбиз. Бул адаттагы конуу эмес»,- деди.

Нью – Йорк мэри Билл де Бласио болсо бийик имаратка урунган тик учардын ал жерде болбошу керектигин айтты. Окуянын террордук кол салуу  эмес экендигин белгилеген Де Бласио : «Ондогон жылдан бери тик учарлар Манхаттандагы имараттарга конбойт. Ла Гуардия аэропорт мунарасынын уруксаты болбостон  бир тик учардын Манхаттандын бул аймагында болбошу керек эле. Өзгөчө да Трамп мунарасынан улам»,- деди.



Тектеш кабарлар