Йеменде эне жана балдардын өлүмү

Йеменде ар бир эки саатта 1 эне жана 6 бала каза болууда.

1216524
Йеменде эне жана балдардын өлүмү

БУУнун Балдарга жардам фонду ЮНИСЕФ Йемендеги кош бойлуулук же төрөт учурунда болгондордун айынан ар бир эки саатта 1 эне жана 6 бөбөктүн каза болгондугун билдирди.

ЮНИСЕФтен берилген маалыматта Йемендин согуштардан улам Жакынкы Чыгыштын эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгондугу белгиленип : «Энелер менен бөбөктөрү Йеменде эң күчсүз группа. Энеге жана төрөттргө жардам берүү үчүн берилген  саламаттыкты сактоо боюнча тейлөө толугу менен жок болуп баратат. Өлкөдө кош бойлуулук же төрөт учурунда болгон окуялардан улам ар бир эки саатта 1 эне менен 6 бөбөк каза болууда»,- деп билдирилди.

Жакырдыктын айынан үйдө төрөгөндүрдүн саны көбөйгөндүгү баса белгиленген маалыматта өлкөдөгү саламаттык сактоо мекемелеринин 51 пайызынын гана болгон күчү менен иштеп жаткандыгы бирок буларда да дары  - дармек жана кызматкерлердин жетишсиз экендиги билдирилди. Узун убакыттан бери ыраатсыздык өкүмдүк кылган Йеменде хусилер менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болууда.

Хусилер 2014 -  жыл сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана башка аймактардын текшерүүсүн колго алып Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жыл март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.  

Өлкөдө ачкачылык, холера, кагылышуу жана абадан кол салуулардан улам адамзаттык трагедия  болууда.



Тектеш кабарлар