Малиде болгон кол салуу

Кол салууда 100дөн ашуун киши каза болду.

1215995
Малиде болгон кол салуу

Африка өлкөсү Малинин Догон айылына жасалган кол салууда 100дөн ашуун киши каза болду.

Борбору Париж болгон кабар каналы France 24түн Мали коргоо министрлигинин булактарына таянып берген кабарына караганда Малинин борбордук аймагындагы Догон этникалык группасынын мүчөлөрү жашаган бир айылга жасалган куралдуу кол салууда жүздөн ашуун киши каза болду.

Өлкөнүн түндүк жана ортоңку бөлүктөрүндө 2012 -  жылдан бери жикчил кагылышуулар жана террордук кол салуулар болууда.

Огоссаго айылындагы фуланилерге 23 -  мартта үстүлөрүндө Дозос аңчы тобуна таандык кийидер болгон куралдуу кишилер тарабынан жасалган кол салууда 160 киши каза болуп, 65 киши жараланган жана бир топ үй өрттөлгөн.

Франция «Barkhane операциясы» деп атаган, Малиде милдеттендирген 4 миң аскер жана БУУнун жол башчылыгында курулган 15 миң кишилик тынчтык күчү MINUSMA ушул кезге чейин коопсуздук коркунучун жок кыла албады.



Тектеш кабарлар