Греция түрк дипломаттардын унааларынын өрттөлүшүн айыптады

Кабыл алынгыс жана жоопкерчиликисз кол салуулардын максатына жете албай тургандыгы белгиленген маалыматта грек мекемелеринин кол салуулардын жооптууларын адилеттик алдына чыгарары билдирилди.

1215895
Греция түрк дипломаттардын унааларынын өрттөлүшүн айыптады

Греция Салоникиде түрк дипломаттардын унааларынын өрттөлүшүн айыптады. Тышкы иштер тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Салоникиде бүгүн болгон жана түрк  башкы консулдугунун кызматкери менен Кара деңиз соода жана өнүгүү банкынын түрк кызматкеринин унаасына карата өрт коюну катуу айыптайбыз»,- деп билдирилди.

Кабыл алынгыс жана жоопкерчиликисз кол салуулардын максатына жете албай тургандыгы белгиленген маалыматта грек мекемелеринин кол салуулардын жооптууларын адилеттик алдына чыгарары айтылды.

Эрте мененки сааттарда Түркиянын Салоники соода аташеси Серкан Буралынын дипломатиялык номердеги унаасы үйүнүн алдында өрттөлдү. Кыска убакыттан кийин 1 километр алыстыктагы жерде эл аралык мекеменин кызматкери бир түрктүн унаасына бензин төгүлүү менен өрттөлдү.

Унаалар жараксыз абалга келип, тегеректеги бир топ унаа да зыян тартты.



Тектеш кабарлар