АКШда Түрк күнү иш-чаралары

Түрк күнү кубанычтуу белгиленди.

1215492
АКШда Түрк күнү иш-чаралары
turk gunu abd.jpg
turk gunu abd.jpg

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Бруклин району кызыл-ак түскө бөлөндү.

Түрк күнү иш-чараларына катышкан жүздөгөн түрк кубанычтуу күн өткөрүштү.

Түрк күнү иш-чараларына адилет министри Абдүлхамит Гүл, тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч, БУУдагы элчиси Феридун Синироглу, Бруклиндин шаар башчысы Эрик Адамс да катышты.

Адилет министри жана аны коштогон делегация түрк стенддерин кыдырып атуулдар менен баарлашты.

Түрк күнү үчүн аянтка чогулган жүздөгөн кишиге кайрылган Абдүлхамит Гүл: «Сиздер канчалык күчтүү болсоңуздар өлкөбүз ошончолук күчтүү болот. Өлкөбүз канчалык күчтүү болсо дүйнөлүк тынчтык жана ынтымак күчтүү болот»,-деди.

Бруклиндин мэри Эрик Адамс да: «Туугандарым. Мен бир гана англис тилинде сүйлөгөн элдин эмес баардык элдин шаар башчысы боломун. Бруклин АКШнын Стамбулу болуп саналат»,-деди.

Нью-Йорктун Полиция кызматында иштеген айрым түрк полиция кызматкерлери да Түрк күнү иш-чараларына катышышты. Алар түрк гимнин коштоп ырдаганда сезимдер күч алды.

Ал эми Мехтеран тобунун жагымдуу ыргактары Times жана Central Parkтан кийин Бруклинде жаңырды.

Түрк күнү иш-чаралары Мустафа Сандалдын концерти менен аяктады.



Тектеш кабарлар