Молдовада саясий кризис...

Молдовада бийлик талашкан топтор тирешүүдө.

1215289
Молдовада саясий кризис...

Молдовада Орусияны жактаган Социалист партия менен Батышты жактаган оңчул блок "ACUM de şi PAS" коалициялык өкмөт түзгөн соң көп өтпөй саясий кризис пайда болду.

Коалициялык өкмөт парламентте ант берип кызматын баштоосунан кийин Конституциялык сот өкмөттүн "мыйзамдуу" эмес экенин жарыялады.

Сот, мындан мурда чыгарылган мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечимин ишке ашырбаган президент Игорь Додондон кызматты алып убактылуу аткарышы үчүн мурдагы өкмөттүн премьер-министри Демократ партиядан Павел Филипке таршырды.

Филип болсо Конституциялык соттун өзүнө берген ыйгарым укугуна таянып парламентти таркаткан жана  6-сентябрда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду.

Мындай убакта эң демократиялуу чечүүчү жолдун мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү болгонун айткан Филип: " Кызматынан алынган Игорь Додон менен катар саясий партиялар учурдагы абалдарын улантпоолору керектигин",-айтты.

Додон болсо буга социалдык медиа барагынан каршылык көрсөтүп, "Бийликти басып алыш үчүн Конституциялык сотту колдонуу чарасыздык",-деди.

Кечээ түзүлгөн өкмөттүн ички жана тышкы саясатта ар башка көз карашта болгондордун орток максат үчүн бириге ала тургандарынын үлгүмү болгонун айткан Додон:"Демократ партия бийликти парламенттеги көпчүлүккө жана мыйзамдуу бийликке бергиси келбей жатат",-деп айтты.

Айрыкча Додон бийликтин тынчтыкчыл жол менен өткөрүлүшү үчүн Эл аралык коомчулукка кайрылууга аргасыз болгонун билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар