Макрон - Трамп жолугушуусу

Макрон : «Бул жерде болушуңуз эки элдин ортосундагы ажырагыс байланыштын далили»,- деди.

1214538
Макрон  - Трамп жолугушуусу

Франциянын президенти Еммануэль Макрон АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Макрон Европанын фашисттик баскынчылыктан куткарылышында мааниге ээ болгон Нормандия чабуулунун 75 жылдыгынан улам өткөрүлгөн аземге катышуу үчүн Францияга барган Трамп менен Кан губернаторлугунда жолугушту. Макрон жолугушуудан мурда өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында өлкөсүнүн АКШ менен Африка, Жакынкы Чыгыш жана эл аралык темаларда кызматташуунун маанисин баса белгиледи.

Трамптын Францияга баргандыгына кубанычтуу экендигин баса белгилеген Макрон : «Бул жерде болушуңуз эки элдин ортосундагы ажырагыс байланыштын далили»,- деди.

Макрон өлкөсүнүн АКШ менен күчтүү карым  - катншанын бар экендигин айтты. Трамп менен жолугушуусунда Иран, Жакынкы Чыгыш жана эл аралык темаларды карап чыгышкандарын белгилеген Макрон бул маселелерде Трамп менен орток бир көз карашка ээ болуунун маанисин белгиледи.

АКШнын президенти Трамп да Францияда болуудан жана аземге катышуусунан кубанчтуу экендигин айтты. Трамп Франция менен АКШнын ортосунда өзгөчө бир карым  - катнаштын жана чоң бир өнөктөштүктүн бар экендигин айтты.

Трамп Ирандын өзөктүк куралга ээ болушун каалабагандыгын баса белгилеп : «Президент болгонумда Иран террорист өлкө эле жана азырда ошол бойдон»,- деди. Трамп бул тууралуу Франция менен бирдей көз карашты бөлүшкөндүгүн да белгиледи.

Иранга жасалган санкциялардын бир топ нерсени өзгөрткөндүгүн белгилеген Трамп Ирандын өзү менен сүйлөшүүнү каалагандыгын жана сүйлөшүүгө даяр экендигин айтты.



Тектеш кабарлар