Дубайда автобус кырсыкка учурады

Кырсыкта 17 киши каза болду.

1214746
Дубайда автобус кырсыкка учурады

Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында Умман номердүү бир жүргүнчү автобустун кырсыкка учурашы менен 17 киши каза болду.

Умман улуттук транспорт фирмасынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта Бириккен Араб Эмирликтерине кеткен автобус Дубайда кечки сааттарда кырсыкка учурагандыгы билдирилди.

Автобустун кырсыкка учурашы менен түрдүү улуттардан 17 кишинин каза болгондугу, уммандык шофер менен кээ бир жүргүнчүлөрдүн болсо жаралангандыгы белгиленди. Кырсык тууралуу териштирүүнүн улантылып жаткандыгы билдирилип, фирманын Мускат  - Дубай ортосундагы бардык автобус каттамдарын токтоткондугу малымдалды.

Бир тараптан Умман телекөрсөтүүсүндө орун алган кабарда каза болгондордун экөөсүнүн уммандык, башкаларынын болсо Азия жана Европа өлкөлөрүнөн экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар