Идлибде кол салуу

Асад режими отурукташуу жерлерин бомбалады.

1213941
Идлибде кол салуу

Сирияда Башар Асад режимине таандык согуштук учактардын Орозо айт майрамынын экинчи күнүндө Идлибдеги чыңалууну азайтуу аймагындагы отурукташуу жерлерине абадан кол салууларынан 5 жаран каза тапты.

Асад режими эртең мененки убактардан бери Идлибдеги чыңалууну азайтуу аймагынын ичиндеги айрым жерлерди абадан бомбалады.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Идлибдин Кефер Авид айылына карай абадан кол салууларда көпчүлүгү балдардан турган жалпы 5 киши көз жумду.



Тектеш кабарлар