Сириянын түндүгүндөгү Азез районуна бомбалуу террордук кол салуу болду

Сирия-Түркия чек арасында орун алган аскердик оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Азез районунун борборунда бомба жүктөлгөн унаа менен террордук кол салуу болду.

1212967
Сириянын түндүгүндөгү Азез районуна бомбалуу террордук кол салуу болду

Сириянын түндүгүндөгү Халеб облусуна караштуу Азез районуна бомбалуу террордук кол салуу болуп 14 жаран каза тапты.

Сирия-Түркия чек арасында орун алган аскердик оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Азез районунун борборунда бомба жүктөлгөн унаа менен террордук кол салуу болду.

Унаадагы бомбанын жардырылышынын себебинен алгачкы белгилөөлөргө каранда 14 жаран каза тапты.

Окуя болгон жерге барган коопсуздук күчтөрү чөйрөдө коопсуздук чараларын көрүп, жаралуулар аймактагы ооруканаларга жеткирилди.

Абалы оор болгон жаралуулардан айрымдары Түркияга өткөрүлдү.

Коопсуздук күчтөрү, азарынча эч ким моюнга албаган кол салууну жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын уюштурганы ыктымалдуулугуна токтолушууда.



Тектеш кабарлар