Рухани: «Ирандын тандоосу бекем туруу жана туруштук берүү болот»

Борбор шаар Тегеранда университеттердеги медицина мугалимдери жана доктурлар менен жолуккан Рухани, АКШ менен сүйлөшүүлөргө сереп салды.

1212957
Рухани: «Ирандын тандоосу бекем туруу жана туруштук берүү болот»

Ирандын президенти Хасан Рухани, АКШнын өкүнүү менен сүйлөшүү үстөлүнө кайтмайынча Ирандын тандоосунун бекем туруу жана туруштук берүү болоорун айтты.

Борбор шаар Тегеранда университеттердеги медицина мугалимдери жана доктурлар менен жолуккан Рухани, АКШ менен сүйлөшүүлөргө сереп салды.

АКШлыктардын өткөн жылдарда Иранга мынчалык көп санкция киргизбегендерин айтканын эске салган Рухани: «Бүгүн келип чыккан шарттар ар дайым болгонунан дагы кыйын, бирок бүгүнкү атайын шарттарда тандообуз бекем туруу жана туруштук берүү болот. Эгерде туруштук берүүдөн башка жол болгондо аны ачык жарыяламакмын, бирок бүгүнкү күндө бекем туруудан башка альтернативабыз жок»,-деп айтты.

Рухани: «Душман, айрым убакта Иран менен сүйлөшүү үчүн шарттары бар экенин жана үстөлгө олтуруш үчүн алгач Ирандын буларды кабыл алуусу керектигин билдирип жатат, андан кийин сүйлөшүү үчүн эч бир алдын ала шарты болбогонун айтууда»,-деди.

АКШнын кулаткан сүйлөшүү үстөлүнө жана аяктары менен тебелеген нормалдуу шарттарга кайра кайтышы керектигин айткан Рухани: «Душман өкүнүү менен сүйлөшүү үстөлүнө кайтмайынча Ирандын тандоосунун бекем туруу жана туруштук берүүдөн башка альтернативасы жок. Душман эч тайсалдоого жол бербестен чындап эле тандаган жолунун жаңылыш болгонун түшүнсө, анда сүйлөшүү үстөлүнө олтурат жана бардык маселелерди чечебиз»,-деди.


Этикеткалар: #Рухани , #АКШ , #Иран

Тектеш кабарлар