Орусия менен Япониянын тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрү

Орусия менен Япониянын ортосунда жүрүп жаткан тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде өткөрүлгөн төртүнчү жыйындан да жайынтык чыккан жок.

1211534
Орусия менен Япониянын тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрү

Орусия менен Япониянын ортосунда жүрүп жаткан тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде өткөрүлгөн төртүнчү жыйындан да жайынтык чыккан жок.

Орус ТАСС маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров,  коргоо министри Сергей Шойгу, Япониянын тышкы иштер министри Таро Коно жана Япониянын коргоо министри Такеши Ивая Токиодо жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн пресс  - жыйында Япониянын тышкы иштер министри Таро Токионун Орусия аскердик бөлүктөрүнүн Орусиянын «Курил аралдары»  Япониянын «Түндүк аймактары» деп аталган аралдарда болушуна каршылык көрсөттү.

Таро : «Орусиянын түндүк аймактарында аскердик бөлүктөрүнүн санын көбөйтүшү мыйздык жактан биз үчүн кабыл алынгыс»,- деди.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров болсо кесиптеши  Кононун Орусиянын аралдарда аткарган иштери тууралуу тынчсыздануусун билдирип : «Буга жооп катары биз муну баса белгиледик : Орусиянын куралдуу күчтөрү өздөрүнүн эгемендүү жерлеринде эл аралык мыйзамдын негизинде иштерди аткарууда»,- деди.

Орусия жана Япониянын өкүлдөрү тарабынан абдан маанилүү маселелер каралган сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлгөндүгүн айткан Лавров 2 2 форматында Москвада жаңы бир жыйындын өткөрүлүшү тууралуу келишкендерин билдирди.

Орусия менен Япония Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин Орусиянын Курил аралдары, Япониянын болсо Түндүк аймактары деп атаган жер тилкеси тууралуу шайкешсиздиктин айынан расмий тынчтык келишимине кол койгон эмес.

Өткөн жылы Орусиянын президенти В. Путин менен Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе 1956 -  жылдагы орток декларациянын негизинде тынчтык келишиминин түзүлүшүнө байланыштуу сүйлөшүүлөрдү күчтөндүрүү тууралуу макулдашкан.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров менен Япониянын тышкы иштер министри Коно бул жылдын ичинде Орусия  - Япония сүйлөшүүлөрүнүн негизинде үч жолу жолугушту.



Тектеш кабарлар