НАТОнун конвоюна кол салуу болду

Кол салуунун жоопкерчилигин Талибан мойнуна алды.

1211707
НАТОнун конвоюна кол салуу болду

Ооганстандын баш калаасы Кабулда НАТО күчтөрүнө караштуу аскердик конвойго бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болуп андан 4 киши каза тапты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими, Кабулдун Йека-Тут аймагында жүрүп бараткан НАТОнун аскердик конвойуна бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болгондугун билдирди.

Кол салууда төрт жарандын каза тапканын белгилеген Рахими, 3 жарандын да жаракат алганын айтты.

Рахими кол салууда НАТОнун аскерлеринен каза тапкан же жаракат алгандардын болуп же болбогондугунун азырынча тактала электигин сөз кылды.

Кол салуунун жоопкерчилигин мойнуна алган Талибан болсо, кол салууда НАТОнун 10 аскеринин каза тапканын билдирди.  



Тектеш кабарлар