Cаакашвили Украинага кайтып келди
краинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвилиге жарандыгын кайтарып берди.
Украина жарандыгын кайра алган Грузиянын мурунку президенти жана Одессанын мурунку губернатору Михаил Саакашвили Украинага кайтып келди.
Өткөн жылы Украина жарандыгынан жана өлкөдөн да чыгарылган Саакашвили Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жарандыгын кайрадан бериши менен борбор шаар Киевге келди.
Польшанын борбор шаары Варшавадан тарифтүү каттам менен Борисполь аэропортуна келген Саакашвилини Украинада курган Жаңы күчтөр партиясынын жактоочулары тосуп алды.
Саакашвили Украинага кайтып келүүдөн кубанычтуу экендигин белгилеп, Зеленскийдин өзүнө Украина жарандыгын берип, көз карандысыз саясатчы экендигин көрсөткөндүгүн айтты.
Саакашвили : «Украинада бир кыймыл кылгым келет. Эч бир жерге, эч бир шалоого кирбеймин. Украинадагы саясаттын толугу менен жаңыланышына салым кошом»,- деди.
Грузиянын мурунку президенти Саакашвили эки жыл мурда мезгилдин Украина президенти Петр Порошенко кол койгон жарлык менен Украина жарандыгынан жана өлкөдөн чыгарылган.