Ципрас мөөнөтүнөн мурда шайлоого бара турганын жарыялады
Алексис Ципрас, партиясы СИРИЗАнын башкы борборунда кечээ сүйлөгөн сөзүндө Европа Парламенти жана жергиликтүү шайлоолорго баа берди.
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас, партиясынын Европа Парламентине (ЕП) шайлоолордо башкы оппозициядан чоң айырма менен артта калышынан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоого бара турганын жарыялады.
Ципрас: «Жергиликтүү шайлоолордун экинчи турунан кийин Президенттен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү суранам»,-деди.
Алексис Ципрас, партиясы СИРИЗАнын башкы борборунда кечээ сүйлөгөн сөзүндө Европа Парламенти жана жергиликтүү шайлоолорго баа берди.
Шайлоо жыйынтыктарынын күтүүлөрүнөн артта калганын белгилеген Ципрас: «Жыйынтыктарды көрмөксөнгө салуу мага жарашкыдай мамиле эмес»,-деди.
Ципрас күрөшүүдөн эч качан качпай турганын айтып: «Жергиликтүү шайлоолордун экинчи турунан кийин Президенттен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү жарыялоосун талап кылам»,-деп айтты.
Өлкөдөгү Европа Парламенти шайлоолордон расмий болбогон жыйынтыктарга караганда башкы оппозициядагы центрист оңчул Жаңы демократия партиясы биринчиликти алып чыкса, шайлоого катышуу катнашы Европанын орто эсебинен жогору болуп 57,6 пайыз деп эсептелди.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.