НАТО башкы штаб төрагаларынын жыйыны

НАТОнун  башкы штаб төрагаларынын жыйыны Бельгиянын борбор шаары Брюсселде башталды.

1206256
НАТО башкы штаб төрагаларынын жыйыны

 НАТОнун  башкы штаб төрагаларынын жыйыны Бельгиянын борбор шаары Брюсселде башталды.

НАТОго мүчө 29 өлкөнүн башкы штаб төрагалары союздаштыктын күн тартибиндеги маанилүү темаларды сүйлөшүү үчүн НАТО штабында чогулду.

Башкы штаб төрагаларынын жыйынында стратеиялык сынактар, союздаштыктын аскердик стратегиясы, баш тарттыруучулук жана Жер Ортолук деңиз диалогунун негизинде өнөктөштөр менен карым – катнаштарга карата абалдарды да карап чыгышат.

Түркиядан башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер катышкан жыйынга Аскердик Комитеттин төрагасы, армиянын генералы Стюарт Пич жетекчилик кылууда.

Башкы штабдын төрагалары Брюсселде эки, союздаш өлклөрдүн биринде бир жолу  болуп жылда үч жолу жолугушуп турушат. Жыйындарда глобалдык коопсуздук сынактар, НАТО операциялары жана миссиялары сыяктуу түрдүү темалар сөз болууда.



Тектеш кабарлар