Хамас, Израиль менен 6 айлык ок атпоого жетишкени жөнүндөгү айтымдарды төгүнгө чыгарды

Хамастын басма сөз катчысы Февзи Берхум социалдык медиа барагы Твиттер аркылуу жазуу түрүндө маалымат бөлүштү.

1205046
Хамас, Израиль менен 6 айлык ок атпоого жетишкени жөнүндөгү айтымдарды төгүнгө чыгарды

Курчоо астында турган Газа тилкесинде башкарууну колунда кармаган Хамас, Израиль менен 6 айлык ок атпоого жетишкени жөнүндөгү айтымдарды төгүнгө чыгарды.

Хамастын басма сөз катчысы Февзи Берхум социалдык медиа барагы Твиттер аркылуу жазуу түрүндө маалымат бөлүшүп, «Израилдин басма сөзүндө орун алган, Хамас менен 6 айлык ок атпоого жетишкендери жөнүндөгү кабарлар туура эмес»,деп жазды.

Берхум, ок атпоого бир гана Израилдин бардык келишимдерди ишке ашырган учурунда жетишиле турганын баса белгиледи.

Израилдин Канал 12 телеберүүсү, БУУ жана Египеттин арачылыгы менен Хамас жана Израилдин ортосунда 6 айлык ок атпоо түзүлгөнүн жарыялаган.

Израилдин 4-5-май күндөрүндө Газа тилкесине кол салуусунда экөө кош бойлуу 3 аял менен 2 бала да арасында болгон 25 палестиналык шейит болгон, 150 палестиналык жаракат алган.



Тектеш кабарлар