Ирандын тышкы иштер министри Трампка жооп кайтарды

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф, Твиттер барагынан АКШнын президенти Дональд Трамптын «Эгерде Иран согушууну кааласа, бул Ирандын акыры болот»,деген билдирүүсүнө жооп берди.

1204994
Ирандын тышкы иштер министри Трампка жооп кайтарды

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф: «Экономикалык террор жана геноцид эмдөөлөрү Иранды жок кыла албайт»,-деп жооп кайтарды.

Зариф Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө, АКШнын президенти Дональд Трамптын «Эгерде Иран согушууну кааласа, бул Ирандын акыры болот»,деген билдирүүсүнө жооп берди.

Ирандын тышкы иштер министри, «Трамп, «В командасынын үгүттөөлөрү менен Искендер Зулкарнайн (б.з.ч. 336-323-жылдар аралыгындагы Македония падышасы), Чынгыз Хан (1162-1227-жылдар аралыгындагы Монгол императору) жана башкалары ишке ашыра албагандарды ишке ашыра турганын ойлоп жатат. Бардык баскынчылар жок болду, бирок Иран миң жылдан бери ордунда турат. Экономикалык террор жана геноцид эмдөөлөрү Иранды жок кыла албайт»,-деп жазды.

Зариф билдирүүсүнүн акырында, «Эч качан ирандыкты коркутпагын» этикеткасы менен «Урмат-сый көрсөтүүнү сынап көр,балким ишке жарайт!» сөздөрүн колдонду.

Ирандык министр Зариф, Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху, Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман жана Абу-Дабинин мураскор канзаадасы Мухаммед бин Заидди Трамптын  «В командасы» деп атаган.

Ирактын борбор калаасы Багдаддагы Жашыл аймакта орун алган АКШнын Элчилик имаратынын жакын жерине мурдагы кечте «Катюша» ракеталары атылып Трамп болсо социалдык медиа барагынан, «Эгерде Иран согушууну кааласа, бул Ирандын акыры болоору анык. АКШны экинчи эч качан коркутпа!»деп жазган болчу.



Тектеш кабарлар