Ислам Кызматташтык Уюмунун саммити 31 - майда өткөрүлөт

14 -  кезектеги саммитте ислам дүйнөсү жашап жаткан көйгөйлөргө карата бирдиктүү көз караштын кабыл алынары күтүлүүдө.

1204368
Ислам Кызматташтык Уюмунун саммити 31 -  майда өткөрүлөт

 Ислам Кызматташтык Уюму  айдын акырында Меккеде өткөрүлүшү пландалган 14 -  кезектеги саммитинде ислам дүйнөсү жашап жаткан көйгөйлөргө карата бирдиктүү көз караштын кабыл алынары күтүлүүдө.

Ислам Кызматташтык Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 14 -  Ислам Кызматташтык Уюму саммитинин Сауд Арабия королу Селман бин Адбулазиздин жетекчилигинде 31 -  майда Меккеде өткөрүлөрү билдирилди.

«Мекке саммити: бирдикте келечекке карай» деген темада өткөрүлөт жана Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катыша турган саммитте Палестина маселеси жана кээ бир мүчө өлкөлөрдө болуп жаткан акыркы абалдар тууралуу көз караштардын билдирлиши күтүлүп жаткандыгы белгиленди. Саммиттин акырында ислам дүйнөсүндөгү маселелерге орун берилүү менен жабылуу билдирүүсү жана Мекке Билдирүүсүнүн жарыяланышынын пландалгандыгы да белгиленди.

Сауд Арабиянын королу Селман мурунку күнү Булуң Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөр менен араб өлкөлөрүнүн лидерлерине Меккеде 31 -  майда эки кезексиз саммит өткөрүүгө чакырган.

Чакырууга Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери, Жибути жана Йемен оң жооп берген.



Тектеш кабарлар