Иранда сел менен чагылган 20 кишинин жанын алды

Ички иштер министри Абдуррыза Рахмани Фазли да материалдык чыгымдын 7 миллиард 619 миллион доллар экендигин белгилеген.

1204740
Иранда сел менен чагылган 20 кишинин жанын алды

Ирандын түрдүү аймактарында 8 -  майдан бери катуу жааган жамгыр жол ачкан сел жана чагылган 20 кишинин каза болушуна, 37 кишинин жараланышына себеп болду.

Иран чукул жардам мекемесинин катчысы Мүжтеба Халиди мамлекеттик медиага берген маалыматында 8 -  майдан бери Эрбил, Чыгыш Азербайжан, Батыш Азербайжан, Зенжан, Хорасан  - ы Резеви, Түштүк Хорасан, Чахармахал -  Бахтияры, Исфахан, Кирманшах, Фарс, Хузистан, Кирман, Лористан, Ахмед, Гилан жана башка аймактарда катуу жааган жамгыр жол ачкан сел жана чагылгандан улам 20 кишинин каза болгондугу, 37 кишинин жаралангандыгы белгиленди.

Бул кишилерден экөөсүнүн сел сууларына кабылып, 18зинин болсо чагылгандын таасири менен каза болгондугун  айткан Халиди 37 жаралуунун да дарыланып жаткандыгын белгиледи. Иранда  17 -  мартта башталган катуу жамгыр жаашында да 78 киши каза болгон.

Иран кризисти башкаруу мекемесинин коом менен байланыш директору Али Бахтияры 25 аймакта жалпы 235 шаар менен 4 миң 304 айыл таасирленген апаатта 78 кишинин каза болгондугун, 1000ге жакын кишинин жаралангандыгын белгилеген.

Ички иштер министри Абдуррыза Рахмани Фазли да материалдык чыгымдын 7 миллиард 619 миллион доллар экендигин белгилеген.

Ирандагы селден жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн аракетке өткөн түрк Кызылай тобу Иран Кызылайы менен биргеликте апаат аймактарына 5 фура гуманитардык жардам материалын жеткирген.



Тектеш кабарлар