Орусия, Кытай жана АКШ жакын диалог курса Корея жарым аралындагы маселе чечилет

Лавров, кытайлык кесиптеши Ван Йи менен Сочиде өткөргөн жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1200767
Орусия, Кытай жана АКШ жакын диалог курса Корея жарым аралындагы маселе чечилет

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, өлкөсү менен Кытай жана АКШнын жакын диалог курган учурунда Корея жарым аралындагы маселелердин чечиле ала турганын айтты.

Лавров, кытайлык кесиптеши Ван Йи менен Сочиде өткөргөн жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Москва жана Пекиндин эл аралык коопсуздук жана ырааттуулукту күчтөндүрүш үчүн кызматташтык кылгандарын белгилеген Лавров, эки өлкөнүн ортосунда өнүккөн соода карым-катнаштары менен катар аскердик техникалык кызматташтыкка да маани бергендерин баяндады.

Москва жана Пекиндин Корея жарым аралындагы абалдын нормалдашуусу үчүн биргелешип иштөөнү улантуу темасында макулдашканын билдирген Лавров: «Орусия, Кытай жана АКШнын ортосунда жакын үчтүк диалог курулса Корея жарым аралындагы абал дагы ийгиликтүү түрдө чечиле алат»,-деди.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ли да Пекиндин ядролук резервин, коргонуу саясатын  камсыздагыдай деңгээлде дайыма төмөнкү деңгээлде кармаганын айтып, ядролук курал колдонбой тургандарынын убадасын берди.



Тектеш кабарлар