АКШнын учактары Перс булуңунда Иранга карай «баш тарттыруу күзөттөрүн» ишке ашырды

АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинин (CENTCOM) басма сөз катчысы, полковник Билл Урбан, Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

1200940
АКШнын учактары Перс булуңунда Иранга карай «баш тарттыруу күзөттөрүн» ишке ашырды

АКШнын Аба күчтөрүнө караштуу F-15 жана  F-35 учактары Перс булуңунда Иранга карай «баш тарттыруу күзөттөрүн» ишке ашырды.

АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинин (CENTCOM) басма сөз катчысы, полковник Билл Урбан, Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

«Алар (F-15 жана F-35тер) АКШ күчтөрүн жана кызыкчылыктарын эң мыкты түрдө коргоо үчүн жайгаштырылды. Араб (Перс) булуңунда коргонуу максаттуу баш тарттыруу күзөттөрүн ишке ашырууда»,-деди.

Бул учуулардын күч көрсөтүүсү катары мүнөздөлүп мүнөздөлбөй турганы боюнча да полковник Урбан: «Бул күч көрсөтүү эмес, кол салуучулуктан баш тарттыруу максатында кыр көрсөтүү. Бул АКШ күчтөрүн жана кызыкчылыктарын эң мыкты түрдө коргоо үчүн жайгаштырылды»,-деп жооп берди.

АКШ, өткөн аптада Ирандан келе турган коркунучтарга каршы чара көрүү максатында «USS Abraham Lincoln» учак кемесинин чабуул тобу менен 4 ядролук көлөмдүү В-52 бомбардир учактарынан турган Бомбардир күчүн булуңга өткөргөн болчу.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон), Ирандын АКШга таандык буталарга кол салуу даярдыгын көрүп жатканы айтымдарынын артынан «USS Arlington» амфибиялык чабуул кемесин жана бир Патриот абадан коргонуу батареясын да аймакка жөнөткөнүн жарыялаган.

Бир тараптан Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Ирандын БАЭнин жээктеринде төрт соода кемесине саботаж кылганын айтып чыккан.

БАЭ башкаруучулугунун кемелердеги кыйроолорду иликтөө үчүн АКШдан жардам талап кылганын дагы билдирген.



Тектеш кабарлар