АКШнын Катарга тик учар сатышы
АКШнын тышкы иштер министрлиги Катарга 3 миллиард долларлык 24 AH-64E Apache моделиндеги чабуул коючу тик учарынын сатылышын бекитти.
АКШнын тышкы иштер министрлиги Катарга 3 миллиард долларлык 24 AH-64E Apache моделиндеги чабуул коючу тик учарынын сатылышын бекитти.
АКШ коргонуу, коопсуздук кызматташтык агенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «АКШнын тышкы иштер министрлиги Катарга ыктымалдуу тышкы аскердик сатуунун негизинде болжол менен 3 миллиард долларлык AH-64E Apache моделиндеги чабуул коючу тик учар жана тийиштүү тетиктеринин сатышын бекитүү чечимин чыгарды»,- деди.
Агенттиктин бул сатууну бекиткен Конгресске билдирилгендиги белгиленген маалыматында Катарга андан мурда сатылган 24 Apache тик учарына кошумча катары бул сатуунун өлкөнүн абадан колдоо жөндөмдүүлүгүнө салым кошору белгиленди. Маалыматта бул сатуунун аймактагы аскердик тең салмактуулугуна таасирин тийгизбей тургандыгы билдирилди.
Сатуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн Конгресстин 30 күндүн ичинде нааразычылык билдирбеши керек. 30 күндүн акырында АКШнын Катарга билдирген катын сунуш кылышы менен сатуу сүйлөшүүлөрү башталган болот.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.