Орусияда Жеңиш күнү майрамдалды

Советтер союзунун Экинчи дүйнөлүк согушунда фашисттик Германиянын жеңилишинин 74 – жылы Орусияда аземдер менен майрамдалды.

1198354
Орусияда Жеңиш күнү майрамдалды
rusya zafer gunu4.jpg
rusya zafer gunu3.jpg
rusya zafer gunu2.jpg
rusya zafer gunu1.jpg

 Советтер союзунун Экинчи дүйнөлүк согушунда фашисттик Германиянын жеңилишинин 74 – жылы Орусияда аземдер менен майрамдалды.

Борбор шаар Москвадагы Кызыл Аянтта да 9 -  Май Жеңиш күнүнүн негизинде аскердик жүрүш аземи өткөрүлдү.

Орусиянын президенти В. Путин менен бирге премьер  - министри Дмитрий Медведев жана Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаев катышкан аземде 13 миңден ашуун аскер орун алды.

Путин аземде сүйлөгөн сөзүндө өткөн күндөгү согуштрадын берген сабагы азыр да күчүндө экендигин белгилеп : «Куралдуу күчтөрүбүздүн эң жогорку деңгээлде согушка даяр болушуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн бардык нерсени аткардык жана аткарууну улантабыз»,- деди.

Аба шарттарынын начар болушу менен аскердик учак жана тик учарлардын учушу токтотулуп, жаңылары да болгон 130дан ашуун аскердик ок өткөрбөс унаа көргөзмөгө чыкты.

Парадда дүйнөнүн бир гана үчүнчү муундагы танкасы «Армата» жана модернизацияланган Т 72 В3 моделиндеги танка менен бирге кыска аралыктуу баллистикалык ракета системасы "İskender-M", ракета системалары "Buk-M2" жана "Top-M2" , кургактыктан абага кыска жана орточо аралыктуу зениттик артиллериялык система "Pantsir-S" жана абадан коргонуу ракета системасы "S-400", көргөзмөгө чыккан оор куралдардын арасында орун алды.

Аскердик унаа жана куралдардын парады континенттер аралык баллистикалык ракета системасы «Ярстын»  көрсөтүлүшү менен акырына чыкты.

Бир тараптан бул жылы өткөрүлгөн аземдерде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун биринчи жолу Путиндин өткөн жылдан бери кызматтык унаасы катары колдоно баштаган Орусияда чыккан «Аурус» лимузиндин үстү ачык модели менен аскерлерге салам бериши көңүлдөрдү бурду.

9 -  Майда Жеңиш күнү өлкөнүн башка шаарларында да элдин катышуусу менен белгиленди.



Тектеш кабарлар