Орусия доллар резервдерин алтын, юан жана еврого айландырды

Өлкөнүн резервдериндеги алтындын үлүшү болсо 2018 – жылдан баштап 1 баллдык өсүү менен 18, 1 пайызга чыкты.

1197371
Орусия доллар резервдерин алтын, юан жана еврого айландырды

Орусия Борбордук банкы 2018 -  жылы доллар резервдерин алтын, юан жана еврого айландырды.

Орусиянын Борбордук банкы тарабынан жарыяланган 2018 -  жылга байланыштуу жылдык отчетунда өлкөнүн эл аралык резервдериндеги бөлүштүрүүнү карап чыкты.

Орусиянын эл аралык резервдеринде доллардын үлүшү өткөн жылы 2017 -  жылга салыштырганда 23, 1 баллдык төмөндөө менен 22, 7 пайызга артка кетип, евронун үлүшү 10 баллдык жогорулоо менен 31, 7 пайызга, юандын үлүшү 11, 4 пайыздык өсүү менен 14, 2 пайызга жогорулатылды.

Өлкөнүн резервдериндеги алтындын үлүшү болсо 2018 – жылдан баштап 1 баллдык өсүү менен 18, 1 пайызга чыкты.

Орусиянын премьер  - министринин биринчи орун басары жана финансы министри Антон Силуанов бир канча убакыт мурда берген маалыматында өлкөдөгү нефть жана жаратылыш газ фирмаларынын төлөмдөрүндөгү доллардын үлүшүн азайтууга карата пландарын жакында өкмөткө сунушарын билдирген.



Тектеш кабарлар