Венесуэлада оппозиция ишемби күнү көчөгө чыгат

Венесуэла оппозициясы 30 -  апрелде ийгиликсиз болгон аскердик сокку кыймылы жана  1 -  Майдагы митингдерден кийин ишемби күнү кайрадан көчөлөргө чыгат.

1194473
Венесуэлада оппозиция ишемби күнү көчөгө чыгат

Венесуэла оппозициясы 30 -  апрелде ийгиликсиз болгон аскердик сокку кыймылы жана  1 -  Майдагы митингдерден кийин ишемби күнү кайрадан көчөлөргө чыгат.

АКШ башта болуу менен бир топ батыш жана Латын Америка өлкөсүнүн колдоосун алган оппозиция Улуттук Парламенттин мурунку спикери Хуан Гуайдо мамлекет башчысы Николас Мадуро өкмөтүн кулатуу үчүн жүргүзө турган жол картасын социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

Караштуу болгон партия Волунтад Популардын үй абагындагы лидери Леополд Лопез менен борбор шаар Каракастагы Ла Карлота аба базасынын маңдайындагы Алтамира көпүрөсүндө чыгарган аскердик соккуну белгилеген Гуайдо таштаган кадамдардан артка кайтуунун болбой тургандыгын белгиледи.

Гуайдо көчө митингдери менен бирге турмушту токтото турган жана өлкөгө жайыла турган иш таштоолорду кылышарын жарыялады.

Өкмөттү кулатуу пландарын бүгүн жалпы өлкөдө өткөрө турган кичи парламент жыйындары менен жактоочуларына билдире тургандарын айткан Гуайдо ишемби күнү болсо кайрадан көчөгө чыгышарын жарыялады.

Гуайдо кыймылдардын маанилүү аскердик борборлор болгон аймактарда ишке ашырарын баса белгиледи. Айлардан бери чоң бир саясий кыйынчылыктан өткөн Венесуэлада оппозиция 30 -  апрелдин алгачкы сааттарында чыгарган аскердик козголоңдо ийгиликсиз болду.



Тектеш кабарлар