Ливан жаңы рекорд койду

Бейрутта 26 миң 856 желек илинди.

1191508
Ливан жаңы рекорд койду

Ливандын баш калаасы Бейрут 26 миң 856 желек илип Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине кирди.

Ливанда иш алып барган Beirut Alive коому, баш калаада Ливан желегин илүү иш-чарасын өткөрдү.

Шаардын борборундагы Жылдыз аянттын көчөлөрүндө көп сандаган ыктыярдуунун колдоосу менен мурдагы күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 9.00да илине баштаган желектердин саны кечээ саат 1.30дан тарта 26 миң 856га жетти.

Бул иш чаранын негизинде Бейрут буга чейин 25 миң 599 желек менен рекорд койгон АКШнын Нью-Йорк шаарына караштуу Ватерлоо аймагынан ашып өттү.

Коомдун жетекчиси Бекир Халлави маалымат жыйынында, Ливанда 1975-1990-жылдардын аралыгында болгон жарандык согуш башталган күндө бери 44 жыл өткөнүнө байланыштуу уюштурулган иш-чаранын негизинде адам баласын тынчтыкка чакырууну каалагандарын айтты.

Ливандагы ар башка дин жана секталарды кагылыштырган жарандык согуш, Сауд Арабияда кол коюлган Таиф келишими менен аяктаган болчу.

Жарандык согушта 150дөн ашуун киши каза болуп, жүз миңдеген киши жаракат алган жана бир миллиондон ашууну да өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

 



Тектеш кабарлар