Эң стресстүү адамдардын катарына кайсы эл кирет?

140тан ашуун өлкөдө сурамжылоо жүргүзүлдү.

1190208
Эң стресстүү адамдардын катарына кайсы эл кирет?

Американын эли дүйнөдөгү эң стресстүү адамдардын катарына кирет.

Gallup изилдөө компаниясы тарабынан 140тан ашуун өлкөдө 151 миң киши аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары, өткөн жылы дүйнө калкынын үчтөн биринин стресстүү жана туйгулуу жүргөнүн ортого салды.

Адамдардан күнүмдүк оң жана терс окуялар суралган сурамжылоодо, америкалыктар дүйнөнүн эң стресстүү адамдарынын катарына кирсе өлкөдө акыркы 10 жылдын ичинде стресс, ачуулануу жана тынчсыздануу сыяктуу сезимдер күчөдү.

Түндүк Африка өлкөсү Чад болсо өткөн жылы эң көп терс окуялар болгон өлкөлөрдүн арасында эң акыркы орунду ээледи. Чаддан кийин Батыш Африка өлкөлөрү Нигер жана Сьерра-Леоне турат.

Латын Америка өлкөсү Парагвай болсо дүйнөнүн эң позитивдүү өлкөсү болду. Латын Америка өлкөлөрүнүн көпчүлүгү да тизмеде эң позитивдүү өлкөлөр болушту.



Тектеш кабарлар