Орусия АКШнын чечимине каршылык көрсөттү

Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалымата АКШнын Иранды экспорттон алган кирешелеринен ажыратууга аракет кылгандыгы белгиленди.

1188997
Орусия АКШнын чечимине каршылык көрсөттү

Орусия АКШнын Иран нефтилеринин санкциясынан бошотулган 8 өлкөгө жаңыдан санкциядан бошотуу укугунун берилбеши тууралуу чечимин сынга алды.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалымата АКШнын Иранды экспорттон алган кирешелеринен ажыратууга аракет кылгандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Тегерандын көз карандысыз саясаты АКШнын тынчын алууда себеби Иран АКШнын стратегиялык мааниге ээ Жакынкы Чыгышта эгемендүү болушуна тоскоол болууда»,-  деп айтылды.

АКШнын чыгарган чечимдери менен эл аралык коомду жазаландыргандыгы баса белгиленген маалыматта төмөнкүчө билдирилди : «Вашингтон бүткүл дүйнөнүн моюн сунушун каалайт. Бардык өлкөлөр АКШнын санкция коркутуусунун айынан 2 -  майдан баштап Ирандан нефть алууну токтотот».



Тектеш кабарлар